Аналитика 2019-жыл ноябрь

Ноябрь айында, 27 компаниянын корпоративдик баалуу кагаздары жана жүгүртүү мөөнөтү 6 ай, 3 жыл жана 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздар менен 160 бүтүм катталган. Соодалоонун жалпы көлөмү 26,2 млн сомду түзүп, октябрь айындагы көлөмгө салыштырмалуу 77% га төмөндөгөн. “Салым Финанс” ААКсынын жана “Первая Металлобаза” ЖЧКсынын корпоративдик облигацияларын жайгаштырууну аяктоонун жана компанияларда акцияларды жайгаштыруу көлөмүнүн төмөндөшүнүн натыйжасында, биринчилик рынокто соода көлөмү 96% төмөндөгөн. Ноябрь айында акциянын көлөмү болгону 2,5 миллион сомду түзгөн.
Оң динамика октябрь айындагыга салыштырганда 2,5 эсеге өскөн, экинчилик рынокто акцияларды сатуу бөлүмүндө гана көрсөтүлгөн. Мындай өсүш “Манас” эл аралык аэропорту” ААК жана “Кантский цементный завод” ААКнын жөнөкөй акциялары менен жасалган ири көлөмдөгү келишимдерден улам келип чыккан.

Ноябрь айындагы соода-сатык иштери жөнүндө толук маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз:
http://www.kse.kg/ru/RussianAnalytics/5386/Informatsiya%20o%20torgah%20na%20ZAO%20%C2%ABKFB%C2%BB%20za%20noyabr%202019g