Жалпы маалымат

img_8230

Урматту айымдар жана мырзалар!

Биздин интернет сайтыбызга кош келиңиздер! Мен, Абдуталип Султанов, компаниянын президентимин. Сиздерге салам айтууга мен кубанычтамын.

Клиенттердин ишеними жана жакшы бедел биздин жумушубуздагы негизги багытыбыз. Баалуу кагаздар чөйрөсүндө жыйырма жылдан ашык убакыт иштөө мезгилинде биз клиенттердин, коллегаларыбыздын жана жалпы эле ишкерлер чөйрөсүндөгүлөрдүн сый-урматына өзүбүздүн иш билгичтигибиз менен, принципиалдуулук жана ак ниеттүүлүгүбүз менен жетише алдык.

Биздин клиенттер жана кызматташтарыбыз өсуп-өнүгүп, чоң ийгиликтерге жетишип жатканына биз дайым сыймыктанабыз.

“Заман” инвестициялык компаниясы сиздин ищенимдүү, бекем жана өз-ара пайдалуу иштөөгө умтулган шериктешиңиз.

Биздин компания 1994-жылы жабык акционердик коом катары түзүлүп, ошол жылдан бери баалуу кагаздар базарында үзүрлүү иштеп келе жатат. “Заман” компаниясы Кыргыз фондулук биржасынын жана Борбордук депозитарийдин акционери, Кыргызстан инвестициялык институттарынын ассоциациясынын мүчөсү.

Төмөнкү мамлекеттик лицензияларыбыз бар:

1. Баалуу кагаздар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын 1998-жылы 15-июлда берилген №100 лицензиясы төмөнкү иштерди аткарууга уруксат берет:

  • брокердик
  • дилердик
  • инвестициялык кеңешчи
  • инвестициялык фонд башкаруучу

2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы баалуу кагаздар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын 2003-жылдын 18-августтунда берилген №215 лицензиясы төмөнкү иштерди аткарууга уруксат берет:

  • баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруу