Тарыхый маалымат

«Заман» компаниясынын ишмердиги тууралуу кыскача маалымат.

1994-жылдан бери Баалуу кагаздар базарында брокердик жана дилердик кызмат көрсөтүү.

1994-2003 ж. «Ошинвест» инвестициялык фондунун активдерин башкаруу.

1994ж.-1997ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фонду тарабынан өткөрүлгөн
41 купондук жана 16 акчалай аукциондордун катышуучусу.
1995ж.-бери Кыргыз Республикасынын инвестициялык институттарынын
ассоциациясынын мүчөсү.
1998ж-2001ж Инвестициалык фонддун башкаруучу компаниясы катары Улуттук Банк
тарабынан өткөрүлүүчү Мамлекеттик казына векселдерди сатуу боюнча
аукциондордун катышуучусу.
1999-ж. Кадамжай сурма комбинаты жана Кыргызнефтегаз бирикмесин
менчиктештирүү боюнча консалтинг компаниясын тандоо тендеринин
жеңүүчүсү.
1996-ж.-бери Кыргыз фондулук биржасында брокердик жана дилердик иштерди аткаруу .

2002-ж-2011ж Кыргызстан баалуу кагаздар биржасында брокердик жана дилердик
иштерди аткарган.
2002- ж. бери Төмөнкү акционердик коомдордун корпоративдик акцияларын жана
облигацияларын чыгаруу жана жайгаштыруу иштерин аткаруу: ААК КБ
“Кыргызстан”,ААК”Арпа”ААК”АлтынСуу”,ААК”Кыргызстанкамсыздандыруу
компаниясы”, ААК “Айыл Банк” ,ААК “Аманбанк”, ААК “Мунайзат” жана башкалар.
2005-ж.-2011ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондунун Кыргызстан баалуу
Кагаздар биржасындагы мамлекеттин менчигиндеги акцияларды
сатуучу өкүлү.
2007-ж.бери “Береке-Инвест” инвестициялык фондунун активдерин башкаруу.
2008-ж. Жылдын мыкты брокердик компаниясы катары Кыргыз Республикасынын
инвестициалык институттар ассоциациясынын Ардак Грамотасы менен
сыйланган.
2012-ж Жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз фондулук биржасындагы брокердик
рейтинг көрсөткүчү боюнча экинчи орунду ээлеген.
2012-ж-2013ж . Жылдын 2012 жыйынтыгы менен Кыргыз фондулук биржасындагы брокердин
рейтинг көрсөткүчү боюнча биринчи орунду элеген.
2013-ж. Залкар Банк акцияларын биржада сатуу боюнча брокердик компаниялардын
ортосундагы өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү.